Кыялбек Акматов Республикалык "Окуу Китеби" билим берүү жана илимий борборунун директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев И. Арабаев атындагы КМУнун илимий китепканасында өткөн жыйында билдирди. К.Акматов педагогика илимдеринин доктору.Буга чейин Ош мамлекеттик университетинде, Билим берүү министрлигинде иштеген.

 Окуу Китеби Республикалык Билим берүү жана Илимий Борбору 2021-жылдын январь айында иштей баштаган. Ал окуу китептерининсапаты үчүн жооп берет.

Эске салсак, эки үч жыл мурда  мектеп програмасындагы айрым окуу куралдары текстик жактан ката болуп басылып чыгып, Билим берүү жана илим министрлиги  коомчулуктун катуу сынына кабылган болчу. Мына ошондой  кемчиликтерди мындан ары болтурбоо үчүн  министрлик атайын илимий борбор түзүп, китептердин басылып чыгышына катуу көзөмөл жүргүзө турган болду.

 


Фото сюжет

НОВОСТИ