19 январда И. Арабаев атындагы КМУнун жыйын залында университеттин ардактуу профессору Роза Төрөкуловна Айтматованын Чынгыз Айтматовдун атасы Төрөкул Айтматов тууралуу чыгарган “Атам жөнүндө эскерүү” аталышындагы  китептеринин презентациясы, талкуу-семинары болуп өттү.

Иш- чарага китептердин авторлору  Роза Айтматова жана Асан Ахматов, философия илимдеринин кандидаты, доцент КАНИМЕТОВ Эмиль Жангорозович, окуу жайдын    гуманитардык илимий багытында эмгектенген окутуучулар, Роза Айтматова менен мурда кызматташ болгон окумуштуу, окутуучулар катышышты. Иш- чараны ф.и. к. Эмиль Каниметов ачып, китептин авторлору Роза Айтматова менен Асан Ахматов катышуучуларга китеп тууралуу кызыктуу маалыматтарды айтып беришти.

 


Фото сюжет

НОВОСТИ