Бул тууралуу 2021-жылдын 20- январь күнү ректоратта болуп өткөн жыйында белгилүү болду. КМУнун ректору Төлөбек Абдырахманов мурдагы проректор Тууганбай Коңурбаев өз каалоосу менен ээлеген кызматынан бошотулуп, анын ордуна физика, математика илимдеринин кандидаты Бексултанов Жеңиш Түнкатарович окуу иштери боюнча проректор болуп дайындалганын билдирди. Ректор окуу иштери боюнча жаңыдан проректор болуп дайындалган Жеңиш Бексултанов жамаатка белгилүү инсан экенин, буга чейин физика- математикалык билим берүү жана маалыматтык технологиялар факультетинин деканы болуп иштеп келгенин айтып, декандар менен бирдикте жакшы иштеп кетээрине терең ишенээрин билдирди.

НОВОСТИ