Студенттердин татыктуу билим алышы үчүн И. Арабаев атындагы КМУда жакшы шарттар түзүлгөн. Эсиңиздерде болсо эки жыл мурун ачылган, компьютер, ж.б. керектүү жабдыктар менен жабдылган заманбап китепкана учурда үзүрлүү иштеп жатат. Студенттер жашаган жатакана эки жыл мурда эле оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн. Жатаканада студенттердин кыйналбай жашоосуна толук шарттар каралган. Окуу жайда эмгектенген мугалимдердин айлык маянасы аз- аздан болсо да көбөйүүдө.

Жалпыңыздарга жакшы белгилүү болгондой, окуу жайда жакында эле ректордун шайлоосу болуп өттү. Ректорлукка беш талапкер ат салышып, алардын ичинен буга чейинки ректор Төлөбек Абдырахманов көпчүлүк мугалимдердин колдоосуна ээ болуп, кайрадан ректор болуп шайланды.

 Ректорлукка ат салышкан талапкерлер шайлоонун тартип, эрежесине ылайык, мугалимдерге бир топ орчундуу убадаларды беришти. Берилген ал убадалардын көбү азыркы күндө жеңишти камсыздаган Төлөбек Абдырахмановго ыйгарылганын баарыбыз сезип- билип турабыз.

Албетте, Төлөбек Абылович берген убадаларын аткарууга бел байлап иштээрин буга чейин көргөнбүз жана билебиз.

Ошол себептен ага добушубузду берип, шайладык. Бирок, окуу жайда иш жеңил эмес. Ишти жалгыз бир кишиге жүктөп койгон болбойт. Андыктан, жабыла көтөргөн жүк жеңил дегендей, ректордун командасы, тактап айтканда проректорлор, декандар, кафедра жетекчилери, ж.б. кызматкерлер баарыбыз бир күч болуп И. Арабаев атындагы КМУну азыркыдан дагы жакшыртып, гүлдөгөн окуу жайга айлантууга өз салымыбызды кошолу. Бириксек колдон келет!

И. Арабаев атындагы КМУнун басма сөз кызматы


Фото сюжет

НОВОСТИ