Кыргыз элине аттын кашкасындай таанымал, белгилүү обончу, композитор Эсенбек Мааданбеков 1952- жылы Нарын районунда жарык дүйнөгө келген. Бала кезинен маданият чөйрөсүнө аралашкан Эсенбек Мааданбеков ошол күндөн ушул күнгө чейин музыка дүйнөсүнөн бошоно албай, кыргыз маданияттынын өнүп- өсүүсүнө өз салымын кошуп келет. Тактап айтканда атактуу обончу агабыз учурда И. Арабаев атындагы КМУнун Көркөм маданият жана билим берүү факультетинде болочоктогу обончу,  композиторлорду тарбиялоо менен алек.

Университеттин ректору, профессор Төлөбек Абдырахмановдун сунушу менен сайтыбызга  “Биз жазабыз, биз жөнүндө жазыңыз?!” аталышындагы  жаңы рубрика ачтык. Эми бул жерге окуу жайдагы белгилүү инсандар, алдыңкы окутуучулар, өздөрүн жакшы жагынан көрсөтө билген алдыңкы студенттер тууралуу кызыктуу маалыматтар жарыяланып турмакчы. Алгач рубрикабыздын алгачкы каарманы кылып Эсенбек Мааданбеков агайыбыз жөнүндө жазууну туура көрдүк. Анткени, жогоруда белгилегендей, Эсенбек агабыздын кыргыз маданиятынын өнүгүшүнө кошкон салымы өтө зор экени талашсыз.  

Эсенбек агайдын тубаса жаркын шыгы эрте жанат. Мектеп босогосун аттагандан баян, аккардион тартат. Он беш жашында"Нарыным" аттуу ырга обон чыгарат. Он алты жашынан баштап Муратбек Рыскулов атындагы областтык Нарын музыкалуу-драма театрында иштейт. 

Эл оозунан түшпөй, ушул күнгө чейин аздектелип ырдалып келе жаткан "Балама" аттуу ырдын обонун композитор Эсенбек Мааданбеков, сөзүн Элакыны Эсенгул Ибраев жазганын улуу жана орто муундун өкүлдөрү жакшы билсе керек. Назик сезимдеги жүрүштө аткарылган бул ырдын эл оозунан түшпөй ырдалышынын негизги себеби,"Ырчысына жараша обончусу, обончусуна жараша акыны" дегендей, обонунан да, сөзүнөнда, аткаруучусунан да кыйкым табуу кыйын.  

Тактап айтканда, Эсенбек Мааданбековдун кайталангыс  "Балама" аттуу ырын кыргыздын аттуу-баштуу  элдик жана опералык ырчылары да ырдашты.  Бирок,  бири дагы  - Гүлмайрам Момушевадай жалындай жана, жан дүйнөңө бал татыган балдыр тилдүү баланын жандуу кебете-кешпирин көз алдыңа элестете ырдай алышпады. Мына ушул ыры менен Эсенбек Мааданбеков атпай журттун көңүлүн өзүнө буруп, эл оозуна алынды.

Албетте, кандай гана кесип болбосун, ал кесипти тандаган адамды алгач иш менен тааныштырып, ишке аралаштырган бирөө болоору анык. Эсенбек Мааданбековго алгач театрдын эшигин ачып берип, музыка дүйнөсүнө аралаштырган алгачкы устаты  атактуу композитор Жумамүдүн Шералиев болгон. Ал тууралуу Эсенбек агай мындайча эскерет:


- Менин чыгармачылык жактан атам Жумакем (Жумамүдүн) Шералиев деп эсептейм. Ал кишинин менин обончу, композитор болушума салымы өзгөчө зор. Ошондой эле чыгармачылыгымдын жанышына эң алгачкы жолу кадам шилтеген Нарын музыкалуу драма театрында иштешкен аттуу-баштуу агайларым, эжейлерим көп жардамдарды беришти.

- Эсенбек агай, 35-жылдан бери ар кандай темада баш-аягы жүздөн ашык обон жазыпсыз. "Канаттуунун  баары куш эмес" дегендей, жазгандарыңыздын баары эле ооздон-оозго, муундан муунга өтүп ырдалып кетпесин өзүңүз жакшы билесиз. Ошол обондоруңуздун ичинен өзгөчө асылдануу, артыкча ырахаттануу менен чыгарган (жазган) ырыңыз барбы?

- Бул суроо өтөжакшы суроо экен. Ар бир ата-эне балам жаман болсун деп ойлобогондой, айтпагандай эле, ар бир чыгармачыл адамдагы эч качан жазган чыгармаларым жаман болсо экен деп ойлобойт. Менин элге жеткен ырларымды жакшы, ал эми жетпей калганын жаман деп, ойлобойм. Аны сиздей угармандар өздөрү баамдашып, баалашсын деп ойлойм.

- Биз билгенден ар бир обончунун, композитордун чыгармачылыгынын ысыгына күйө, суугуна тоңо иргелешип иштешкен акындары бар? Сиздин да акындарыңыз барбы?

- Мен бала күнүмдөн эле биринчи кезекте ырдын сөзүн (текст) тандап, таап алам. Анан ага обон чыгарам. Мага кайсы акындын ыры жакса, ошого обон жазам, чийкиси болсо аны менен иштешем.

-  Ырларды, ар кандай аспаптык чыгармаларды жазуу менен бирге театрларда коюлган оюндарга да музыка жазыпсыз. Алсак жазуучу Ч.Айтматовун "Эрте жаздагы турналар", Т.Абдымомуновдун "Чолпонбай", А.Жакшылыковдун "Көкөйкести" аттууж.б. драмалар.  Кайсы жанрлардагы чыгармаларда көбүрөөкэмгектенесиз?

- Бизде азыр орус композиторлору А.Пахмутова, Соловьев Седой сыяктуу жалаң ыр жазган, жалаң эле симфония, опера, балет ж.б. жанрлардагы чыгармаларды жазышкан композиторлор бар. Мен симфониялык, киного, оюндарга жазган музыкаларым бар. Бирок мен өзүмдө, эл да  мени орустун тили менен айтканда песенник композитормун.


Фото сюжет

НОВОСТИ