Ушул тапта Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда Кыргыз Республикасынын эркектер клубдук командалар арасында волейбол боюнча ХIII- чемпионаты өтүп жатат. Республикалык деңгээлде өтүп жаткан аталган чемпионатка КМУнун студенттеринен куралган “ВК Билим” командасы катышууда.

“ВК Билим” командасы бүгүнкү күнгө чейин Ала-Бука жана Ош командалары менен ойногон, Ала-Бука командасын 2:0 эсебинде жеңип алса, Ош командасын 2:1 эсебинде жеңип алган. Бүгүн Жалал-Абад командасы менен ойноду. Алдыда дагы башка командалар менен күч сынашат. “ВК Билим” командасы азырынча жеңишти колдон алдыра элек. Команданын алдыдагы мелдештерине ийгилик каалайбыз.


Фото сюжет

НОВОСТИ