1- февралдан 6- февралга чейин чейин Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда Кыргыз Республикасынын эркектер клубдук командалар арасында волейбол боюнча ХIII- чемпионаты өттү. Республикалык деңгээлде өткөн мелдешке КМУнун студенттеринен куралган “ВК Билим” командасы катышып, күч сынашты. 

“ВК Билим” командасы оюндун биринчи күнүндө Ала-Бука жана Ош командалары менен ойноп,  Ала-Бука командасын 2:0 эсебинде жеңип алса, Ош командасын 2:1 эсебинде жеңип алган.Андан соң, Жалал-Абаджана Чаткал  командалары менен ойноп, аталганэкикомандага жеңишти алдырып жиберди. Болуп өткөн чемпионатка И. Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор  Төлөбек Абдырахманов да  барып катышып,  КМУнун студенттеринен куралган “ВК Билим” командасына ийгилик каалап, мелдешке катышкандыгы үчүн командага  ыразычылык билдирди.

Ошондой эле оюнчуларды Кыргызстандын волейбол федерациясынын президенти Элмурза Сатыбалдиев да куттуктап, университеттин дене тарбия бөлүмүнүн окутуучусу, спорттун чебери,  "Салам-Алик" командасынын мыкты оюнусу  Жээнбек Абдыйсаевге ыразычылык баракчасын тапшырды. Эске салсак, белгилүү волейболчу Жээнбек Абдыйсаев  КМУнун дене тарбия кафедрасында мугалим болуп да эмгектенет. 


Фото сюжет

НОВОСТИ