9- февраль күнү И. Арабаев атындагы КМУда ар жуманын шейшемби күндөрү өтүп келген ректораттын өкүлдөрү менен декандардын кеңешмеси болуп өттү. Анда окуу жайды өнүктүрүүгө арналган бир катар маселелер талкууланып, декандардын жана институт жетекчилеринин бир жума ичинде аткарган иштери боюнча отчёттору угулду.

Университеттин ректору, профессор Төлөбек Абдырахманов институт жетекчилерине, декандарга бир катар маанилүү тапшырмаларды берип, алардын сунуш пикирлерин укту.  

 Ошондой эле ректор  Физикаматематикалык билим берүү жана маалыматтык технологиялар факультетинин деканы болуп дайындалган Курманбек уулу Талант менен Манас таануу жана  лингвистика институтунун директору болуп жаңы бекиген  Нуржан Сартбекованы курамдын мүчөлөрүнө тааныштырып, аларды кызматка дайындалышы менен куттуктап, эки жетекчи тең ишти татыктуу алып кетээрине ишенээрин билдирди. Эске салак, Физикаматематикалык билим берүү жана маалыматтык технологиялар факультетинин буга чейинки деканы Жеңиш Бексултанов Окуу иштери боюнча проректор болуп дайындалганы баарыңыздарга жакшы маалым. Ал эми  Манас таануу жана  лингвистика институтунун директору Сыртбай Мусаев КРнын Президентке караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы болгон. 


Фото сюжет

НОВОСТИ