И.Арабаев атындагы КМУнун педагогика факультетинин окутуучулары1-курстун студенттери менен жолукту. Ал жолугушууга педагогика факультетинин деканы, и.о.проф. Оңолбаев Мелис Бекболович да катышты. Аталган иш- чараны башталгыч мектепте кыргыз, орус тилдерин окутуунун технологиясы кафедрасынын доцентинин милдетин аткаруучусу Н.Э.Абдраева, факультеттин координатору, п.и.к, доценттин милдетин аткаруучусу Сегизбаева Назгуль, кафедра башчысы, проф. м.а. Омурбаева Дамира уюштурду.
Жыйында 4-курстун студенттери, 1-курстун студенттерин куттукташты. Кеченин жүрүшүндө факультеттин деканынын окуу иштери боюнча орун басары проф. Тилекеев Кеңеш Муктарович студенттердин окууларына ийгилик каалады.
Айта кетчү нерсе, өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу жолугушууга Бишкектеги эле: Пб-11-20, Пбк-13-20, Пбк-12-20, Пбк-15-20 группаларынын студенттери катышышты. Жолугушуудан кийин студенттерге факультет боюнча экскурсия уюштурулду.