И. Арабаев атындагы КМУнун Жаштар иштери жана спорт боюнча проректору Жайна Садыкбекова факультеттердин тарбия иштери боюнча декандардын орун басарлары менен жолугушту.

Ийри отуруп, түз кеңешкен кеңешмеде проректор окуу жайда тарбия иштерин күчтөндүрүү, студенттер менен биргеликте тарбиялык мааниси бар семинар-тренинг, кружокторду уюштуруу, жаштар арасында дене тарбия, спортту өнүктүрүү боюнча бир катар маанилүү маселелерге токтолду.

Жыйынтыгында декандардын орун басарларынын отчёттору угулуп, аларга иш боюнча тапшырмалар берилди. Эске салсак, И. Арабаев атындагы КМУда тарбия иштери буга чейин эле жакшы жолго коюлган. Мына ошол калыптанып калган жаштар саясатын мындан ары да бекемдеп, студенттер менен тыгыз кызматташып, жакшы иш алып баруу проректордун жана ал жетектеген бөлүмдүн негизги милдеттеринин бири эмеспи...

 

 


Фото сюжет

НОВОСТИ