КМУнун студенттеринен куралган тамашоучу  “Юсмайл” КВН командасы Ош шаарында өткөн мэрдин кубогуна катышып, үчүнчү  орунду камсыздашты. Ош шаарында мэрдин кубогу жыл сайын өткөрүлүп келет.

Орто Азия мамлекеттеринин деңгээлинде өткөн аталган кубокко быйыл Казакстан жана Өзбекстандан дагы КВН командалары катышкан. Биринчи орунду Казакстандан келген КВНчилер алып, 100 миң сом акчалай сыйлык менен сыйланышса, экинчи орунда Өзбекстан 50 миң, үчүнчү орунду Кыргызстан, тактап айтканда И. Арабаев атындагы КМУнун студенттери багындырып, 20 миң сомго ээ болушкан. Университетибиздин атын чыгарып, жакшы ийгиликтерге ээ болгон КВНчи студенттерибиздин ийгилиги кут болсун демекчибиз.  


Фото сюжет

НОВОСТИ