И. Арабаев атындагы КМУда 23- февраль Мекенди коргоочулар күнүнө карата волейбол, теннис, аркан тартыш, спорттун ж.б. түрлөрү боюнча эркектер арасында мелдеш өттү. Мелдешке акчалай сыйлык коюлду. Аталган спорттук иш-чараны окуу жайдын ректораты уюштурду.
 
Теннис боюнча биринчи орунду Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинин мугалимдери алса, волейбол менен аркан тартыштан университеттин жалпы командасы ээ болду. Аталган иш чараны университеттин Жаштар саясаты жана спорт боюнча проректору Жайна Сыдыкбекова башында турган команда уюштурду.


Фото сюжет

НОВОСТИ