Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо акысы быйыл былтыркыдай эле негизги тест үчүн 370 сомду түзөт. Бул тууралуу Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынара Батракеева 2-мартта маалымат жыйында билдирди.

Ошондой эле ар бир предметтик тесттин баасы да 370 сомду түзөт.

«Медициналык адистиктерди тандоо үчүн химия жана биология боюнча кошумча предметтик тесттерди сөзсүз тапшыруу керек. Андан тышкары башка адистиктерге тапшырууда да предметтик тесттерди тандаган жана босого упайдан өткөн абитуриенттерге жогорку окуу жайларга өтүүдө артыкчылык берилет», - деди Батракеева.

ЖРТга каттоо 26-февралда онлайн фоматта башталган.
 


Фото сюжет

НОВОСТИ