8- мартка карата И. Арабаев атындагы КМУда  волейбол, теннис жана аркан тартуу  оюндары боюнча мелдеш өттү. Спорттук таймаш абдан кызыктуу болду. Оюн алгач аркан тартуу менен башталды. Аркан тартууда биринчи орунду  Физика-математикалык билим берүү факультетинин кыздары жеңип алса, экинчи орунду ректораттын кыздары, үчүнчүнү  Педагогикалык колледждин кыздары багындырып, алдыңкы үчүнчүнү алган үч команда тең акчалай сыйлык менен сыйланышты.

Андан соң, оюндун экинчи бөлүгү волейбол ойноо менен уланды. Волейболдон биринчиликти ректораттын кыздары алса, экинчини Дене тарбия бөлүмүнүн айымдары, үчүнчүнү Биология жана химия факультетинин кыздары ээлешти. Теннистен болсо, Дене тарбия бөлүмүнүн айымдары биринчини алды. Экинчини ректорат, үчүнчүнү педагогикалык колледждин кыздары алышты.  Аталган спорттук иш- чараны окуу жайдын ректораты уюштурду. 


Фото сюжет

НОВОСТИ