Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун  «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» чыгарган жарлыгына ылайык, 12- март күнү И. Арабаев атындагы КМУнун Физика-математикалык билим берүү жана маалыматтык технологиялар факультетинин  биринчи, экинчи жана үчүнчү курсунун студенттери  №3 лицейдин спорт залында «Спорт ден-соолуктун булагы, ийгилик-ынтымактын башаты» аттуу волейбол оюну боюнча мелдеш өткөрүштү.

Аталган спорттук таймашкафакультеттин деканын м.а. Курманбек уулу Талант, КМУнун маркетинг боюнча ага специалисти Абдиев Жээнбек Сейталиевич, факультеттин тарбия иштери боюнча координатору  Смайылбек кызы Чолпон жана факультеттин мугалимдери барып катышышты. Оюн абдан кызыктуу өттү.


Фото сюжет

НОВОСТИ