Ар бир жазуучунун өзүнчө дүйнө таанымы, негизги критерийи, идеялык жетектөөчү мотиви болот эмеспи. Ошол сыяктуу эле кыргыз элинин көрүнүктүү жазуучусу, драматург, демократияны туу туткан тайманбас коомдук ишмер Казат Акматовдун көркөм чыгармаларында өзгөчө кызыл сызык менен берилген лейтмотив – бул улуттук патриотизм идеялары болуп саналат. Тээ улуу «Манас» эпосунан бери эле идеялык өзөк катары муундан-муунга берилип келе жаткан кыргыз элинин улуттук биримдиги, Ата-Журтту ички жана тышкы душмандардан коргоо, азаттык идеялары таланттуу жазуучубуздун каны-жанына бала күнүнөн эле сиңип, жүрөгүнө бекем орногон.

«Акын болбосоң мейли, бирок, атуул болууга милдеттүүсүң!» – деп кезинде орус акыны Н.Некрасов айтмакчы, бардык дүйнөлүк даанышмандар тең өз элинин патриоттору болушкан жана ошону менен бирге эле шовинизм менен колониялизмге, улуттук геноцидге аёосуз каршы турушкан. Анткени жашоодо кайың, арча, алма, жоогазын, тулаң, бетеге сыяктуу ар бир жаратылыш перзентинин өз орду болгон сыяктуу эле ар бир элдин, улуттун да жашоодо өз орду бар. Ошон үчүн авар акыны, өз элинин улуу патриоту Расул Гамзатов: «Менин Ата мекеним өз атамдын босогосунан башталат» – деп айтканы бар.

Учурунда бир катар кайчы пикирлерди да пайда кылып, мезгилдин катаал сынынан өткөн «Мезгил» романы тууралуу сөз кылчу болсок, элибиздин тарых-таржымалына, капсалаңдуу учурларына жана социалисттик чарбанын алгачкы жылдарына жаңы бийиктиктен көз чаптырган бул салмактуу чыгарма кыргыз адабий казынасынан небак эле өз ордун тапкан. Ал эми жаңы көз караш, улуттук патриотизм идеялары чагылдырылган чыгармаларга кайчы пикирлердин айтылышы, талаш-тартыштардын болушу табигый нерсе.

"Мезгил" романынын жаралуу тарыхына токтолсок, ал 1979-жылы Фрунзеде "Кыргызстан" басмасынан жарык көрүп, кыргыз совет адабиятынын аябай гүлдөгөн дооруна, мамлекети көрөкм адабий китептерди чыгарып, элге жеткирүүгө кам көргөн доорготуш келет.

«Мезгил» романы жарык көргөндөн кийин катуу сынга кабылып,Кыргызстан Компартиясынын ХII (1983) пленумунда “идеялык жактан коомго жат, профессионалдык жактан начар жазылган, автордун таптык позициясы туура эмес, эл достугуна шек келтирген чыгарма” - деп бааланып, партиялык гезитте катуу сынга кабылган.

Анткени чыгармада жазуучу татаал мезгилди, кыргыз жериндеги жеке менчикти талкалап, анын ордуна жамаатташкан чарбаларды куруу мезгилин чагылдыруу менен бирге, турмуш чындыгын коркпой-үркпөй реалдуу чагылдырууга аракет кылган. Ошондой эле ХХ кылымдын 30-жылдарындагы окуяларды сүрөттөп жатып, ретроспекцияларда 1916-жылдагы Үркүн окуясынын чыныгы жүзүн ачып берген.

Колхоз куруу, башка элдер алып келген айгырларды (Маркони, Силач) жергиликтүү жылкылар менен аргындаштыруу жараянынын артында чыгармада Шатман ажынын ак жеринен абакка айдалышы, "Долоноту" айылынын төрагасы Табылды Коёнкөзовдун "эл душманы" аталышын чагылдыруу орус орторчулук саясатынын темир капкасын жардыруучу "миналар" эле.

Ырас, мындай бир караганда романдын бүтүндөй сюжеттик композициясын «кыргыз жергесинде жаңыдан уюшула баштаган совхозду түптөө жана кыргыз жылкысын асылдандыруу тууралуу окуялар түзөт» – деп бир эле сүйлөмгө сыйдырууга болот. Бирок, ошол бир бүктөм мезгил алкагында элибиздин не деген трагедиясы, тагдыр-тарыхы жана мурда таптакыр бет келбеген жаңы нуктагы жашоонун катаал сыноолору жатат. «Устаранын мизинде аңтарылган дүнүйө» – деп Калыгул олуя айтмакчы, доорлордун аңдатпаган тездик менен кескин контрасттуу өзгөрүшү, буркан-шаркан кайнап, буйлалоого буямаңды келтирбеген жаңы турмуштун жатыркаткан талаптары, эндей, энөө элдин сезимине бүлүк салган эски менен жаңынын кагылышы, жаңы турмушту куруп жаткандар өздөрү да кээде жаңылып, бакпай балээге кабылып жатса, кайда кадам таштаарын билбей баштары маң болгон көпчүлүк, акырындап жаңычылдыктын телчигиши... Айтор, азан-казан түшкөн татаал да, катаал да мезгил чагылдырылат „Мезгил“ романында. Дал ошол эч нерсеге баш ийбеген, артка карай жандырууга да эгерим болбогон улуу мезгилдин күрөө тамырын кармай билген жазуучу бул романында башкы улуттук патриоттук идея катары – кыргыз элинин азаттыгын жана улуттук өзгөчөлүктөрүн сактап калуу маселесин айтат. Романда элибиздин мезгилдин оп тарткан опуртал көкөйкестилерине жутулуп кетпей, алдыга – жаркын келечекке карай үмүттүү кадам ташташын чагылдырат.

Аталган роман тууралуу сынчы Кеңешбек Асаналиев мындай жазат: "...романдын эки түйүнү бар: биринчиси - кыргыз аялы Кызтуубастын; экинчиси - орус адамы Емельян Красиндин тагдырына байланыштуу. Ал эми жаңыдан уюштурулган "Прогресс" совхозунда беш жыл ичиндеги бүркөк күндөр, ачуу төгүлгөн көз жаштар, ар түрдүү адамдардын ар түркүн тагдыры, Кошой Аламанов жана Шатмандын, Бекнияз менен Зейнептин, Сары чал жана бала Күлчоронун өмүр машакаттары ушул түйүнгө келип кошулат же ушул түйүндөн ажырайт". Албетте, бул белгилүү сынчынын алымдуу ою. Бирок, аны өзгөрүүсүз дилемма, айныгыс чындык катары да кабыл алууга болбойт. Социалисттик коом гүлдөп турган маалда, партиялык ур токмок күчөп турган мезгилде, башкача айтканда өз убактысынан эртерээк жазылып калган бул „Мезгил“ романы азыр кайрадан каралып чыгып, туура талданууга тийиши. Антпесе, ал өзүнүн чыныгы баасын ала албайт. Убакыт тартыш болгондуктан, азырынча андай кеңири талдоону кое турганыбыз жөн болор.

Чыгармага Санташ менен Улан шамалынын Ысык-Көлдү талашып кармашышы тууралуу уламыш, Кош-Терек, Күкүк-Зейнеп, Умай эне аңыздары да эби менен киргизилип, романдын сюжеттик-композициялык түзүмүнө сиңип, көркөм образдарды толуктап турат. Чыгармада доор карама-каршылыгы сыяктуу эле адамдардын ички дүйнөсүндөгү дүрбөлөң да терең драматизм, кылдат психологизм менен таамай берилет.

Казат Акматовдун «Мезгил» романында „Үркүн“ маалында кыргыз элинин улуттук геноцидге дуушар болушу, жамааттык чарбаны уюштуруу мезгилинде жылкылар сыяктуу эле элди да «күч менен «ассимиляция» кылуу саясаты» чагылдырылса, «Күндү айланган жылдар» романында «Манас» эпосунун тагдыры, улуттун чыккынчысы Эл. Сатаровго окшогондор элден чыгып, акыр аягында келип эч кимге, жадесе итке да кереги жок болуп калышы сыяктуу идеялар берилет.

«Мезгил» романында козголгон улуттук патриоттук идеялар «Күндү айланган жылдар» романында, «Азаттыгым, арманым» пъесасында жана «Адамдар, окуялар» (Миң бир күн) тарыхый даректүү баянында да андан ары улам тереңдетилип отурат.

Ал эми Казат Акматовдун «Азаттыгым, арманым» драмасын патриоттук духка ширелген чыгарма десек жаңылышпайбыз. Ал пъеса башында «Күндү айланган жылдар» романынын бир бөлүмү болуп проза түрүндө жазылган болсо, кийин андагы патриоттук ой тереңдетилип, өркүндөтүлүп, заманбап идеялар менен толукталып, кайрадан драма болуп жазылышы да бекер жеринен эмес. Ошентип улут, анын келечеги үчүн күйгөн К.Акматов белгилеп өткөндөй, ал: «тээ эс тарткандан баштап эле эркиндик, азаттык деген ойлорго берилип, тымызын эңсеп жүргөн», «буга чейин да чыгармаларында ошол темаларды козгоп келген». Ал чынында да автордун ар бир чыгармасынан баамга урунат.

«Адамдар, окуялар» (Миң бир күн) тарыхый даректүү баянында автор кыргыз элинин эгемендүүлүк алган мезгилиндеги окуяларды өзү ага түздөн-түз катышып жүргөн саясий ишмер катары так, даана, ишенимдүү фактылар менен тастыктап жазат. К.Акматов «Адамдар, окуялар» тарыхый даректүү баянында мурда этият, билдирбей «кагазга ороп» козгоп келген Ата-Журт, тил тагдыры, эл тагдыры, улуттук идеялар, эркиндик, азаттык темалары, орусташтыруу саясаты ж.б. тууралуу бул китепте ачык, болгонун болгондой чагылдырган. Оторчу калк кыргыз жаштарын өз мекенинде кор кылып, «прописка» деген саясат менен өз шаарына киргизбей койгон мезгил, акырында алардын жер басып алышы, Ош окуясынын чыгуу себептери жөнүндө К.Акматов бул китебинде жазуучу эле эмес, ошол учурларда от кечип чуркап жүргөн саясатчы катары таасын иликтөө жүргүзөт.

К.Акматовдун чыгармалары жөнүндө адабиятчы-сынчылар К.Асаналиев өзүнүн «Мезгил өкүмү», К.Бобулов «Рухтун бийиктиги эмне менен өлчөнөт?», А.Эркебаев «Элдик эпостон адабий эпоско», К.Рысалиев «Түркүн тагдырлар», Ж.Жумакадыров «Мезгил жана турмуш», К.Эдилбаев «Турмуш босогосунда», К.Касымбеков «Чыгарма мезгил күбөсү»  М.Тентимишев «Жер баары бир өз огунда тегерене берет», Э.Нурушов «Дагы бир жолу «Мезгил» романы жөнүндө», А.Акбаров «Каректеги жалын, жүрөктөгү өрт», С.Карымшаков «Мезгил элестери» аттуу макалаларында өз граждандык позициясына, чама-чаркына жана профессионалдык даярдыктарына жараша кең-кесири же учкай тадоо жүргүзүп өтүшкөн.

Бирок кайсы калемгер, кандай максатта, кайсыл өңүттөн карабасын, баары бир жазуучунун улут рухунун бийик, асыл нарк көрөңгөлөрү менен сугарылган табигый тазалыгына, кайталангыс таасын талантына, мезгил жүгүн, эл мүдөөсүн батыл аркалай алган эрешен атуулдугу менен көрөсөн акыл уюткусуна кадиксиз тан берет. Казат Акматовдун феноменин ачып берүү аркылуу биз профессионал кыргыз адабиятынын гүлдөгөн алтын доору тууралуу да айкын түшүнүк бере алабыз. Кайсы ганан ракурстан алып карабайлы, Казат Акматов эгемендик үчүн баш сайган, улутман залкар жазуучу.

Өктөм Калыева, жазуучу


Фото сюжет

НОВОСТИ