25- март күнү Көркөм маданият жана билим берүү факультетинин мугалимдери ишембиликке чыгышты. Ага аксакал агайлар: КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, профессор Эсенбек Мааданбеков, КР Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, доцент Базарбек Сыдыков, факультеттин деканы Кубатбек Жакыпов, ага окутуучулар:

Лайли Амираева, Нурдин Молдогазиев, көркөм сүрөт жана дизайн кафедрасынын башчысы Луиза Мажитова ж.б. катышышты. Алар факультетке тиешелүү аянттарды тазалап, ирээтке келтиришип, жемиш бактарын буташты. Мындай ишембиликти университеттин башка факультеттери да жакынкы күндөрү аткарат деген ойдобуз.


Фото сюжет

НОВОСТИ