Кыргыз республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун  “Инсандын руханий—адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы” жөнүндө деген аталыштагы жарлыгына ылайык, И. Арабаев атындагы КМУнун Э.Ж. Маанаев атындагы Тарых жана социалдык билим берүү факультети мектеп окуучулар арасында "Билим таймаш" уюштурду.   Аталган иш чарага 

 университеттин Окуу иштери боюнча проректору, доцент Бексултанов Жениш Түнкатарович, Окуу башкармалыктын башчысы Зайниев Равшан Акимович,  тарых факультеттин деканы Курбанова Назира Умаровна, "Жалпы тарых жана СЭУД" кафедрасынын башчысы Өмүрова Жүрсүн Касымбековналар катышты. Алар  катышуучуларга ийгилик каалашты.

Иш-чарага  Бишкек шаарындагы базалык мектептеринин мугалимдери, тактап айтканда №72 мектептен Гүлнара Шокеева Жумалиевна, №94 мектептен Самудин уулу Мирлан, №86 мектептен Осмонова Бегимжан жана  Бекжан уулу Аскат, №84 мектептен  Дүйшеналиева Роза Асановна, Жолдошова Айпери Ишенбаевналар катышып, университеттин жетекчилигине жана Тарых факультетине ыраазычылыктарын билдиришти. 

Интелектуалдык оюунга катышууга 10-11-класстын окучууларынан түзүлгөн командалар:  №84 мектебинен “Барсбек”, “Каганат”, №94 мектебинен “Актилек,” “Ийгилик”, №86 мектебинен "Калыс" , "Мурас", №72 мектебинен"Жакут","Сыймык" командалары катышышты.

Иш –чара жүрүшү биринчиден  Кыргызстандын жана дүйнөнүн тарыхы боюнча теориялык тапшырмалар даярдалып таркатылды, экинчиден практикалык (логикалык) жактан иштөө эле. Тестик жана логикалык суроолого жооп берүүгө 50 мүнөттүк убакыт берилип командалар бөлүнүп иштешти. Жыйнтыгын текшерүүдө калыстар тобу жоопкерчиликтүү жана калыс иш алып барышты. Ал эми логикалык суроолого жооп табууда командалар шамдагайлыгы менен активдүүлүгүн көрсөтүштү. 

Калыстар тобунун  төрайымы болуп Улуттук университеттин Чөлкөм таануу жана Кыргызстанды таануу кафедрасынын  жетекчиси т.и.к. доцент  Омурова Жамихат Орозобековна чакырылган. Ж.О. Омурова жана Алымкулов К.А., Курумбаев Г.Д., Узбекова Ч.Ж., К.А. Курманаливдер түзгөн   калыстар ар таптуу жана командалардын активдүү катышкандыгы, команданы жактагандыгы, команданын формасына карата жана тестик, логикалык суроолорго жооп бергендигин баалашып, төмөндөгүдөй бааларын беришти.  Алсак, 

1-орунга Бишкек шаарындагы №72 А.Сыдыков атындагы мектеп гимназиясынан келген “Жакут","Сыймык" командалары ээ болду,

2-орунга №86 орто жалпы билим берүү мектебинен келген "Калыс" , "Мурас" командалары,

3-орунга №84 Ж.Сыдыков атындагы орто жалпы билим берүү мектебинен келген  “Барсбек”, “Каганат” командалары ээ болушту.

Жалпысынан “Билим таймаш” интеллектуалдык оюундун максаты Университет менен мектептин ортосундагы тыгыз байланышты чындоо жана педагогикалык практиканын негизинде  предметтик байланышты бекдөө менен келечек муундун өсүп калыптанышына көмөк көрсөтүү болуп саналат.  Жыйынтыгында, сыйлоо аземи бүткөн соң, катышкан командалар,  мугалимдер,  факультеттин эже- агайлары жана студенттери менен бирге “Ата Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине сыйынууга барып келишти.


Фото сюжет

НОВОСТИ