Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде 3 –апрель күнү  ишембилик уюштурулду.    

Ишембиликке ректораттын жамааты, факультеттердин профессордук-окутуучулар курамы, студенттер, чарба башкармалыгынын кызматкерлери катышышты.

Жарыяланган ишембиликтин алкагында  КМУнун окуу корпустарынын  айлана-тегереги тазаланып, университеттин башкы корпусуна жакын жайгашкан “Эркиндик” гүл багынын бир бөлүгү тазаланды.

"Жаз жашылдануунун мезгили болгондуктан, окуу жайдын бардык окуу имараттарында ишембиликтер жүрүп жатат, ишембилик мындан ары да уланат” деди окуу жайдын административдик-чарба иштери боюнча проректору Амангелди Сыйырбеков.


Фото сюжет

НОВОСТИ