КРнын Улуттук илимдер академиясынын президентти Джуматаев Мурат Садырбекович менен И. Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Абдырахманов Төлөбек Абылович илимий жаатта кызматташтык боюнча биргелешкен келишимге кол коюшту.
Иш-чара И. Арабаев атындагы КМУда өттү. Эми мындан ары КМУ менен Улуттук илимдер академиясы илимий жаатта, тактап айтканда гуманитардык билимдер жаатында жаңы иштердин үстүндө иш алып барышмакчы.
Билимдин туу чокусу болгон Улуттук илимдер академиясы буга чейин Ош мамлекеттик университети менен келишимге кол коюп, жаңы, жакшы иштердин үстүндө бирге иш алып барып келишет. Эми экинчи болуп И. Арабаев атындагы КМУ менен ишин баштаганы турат.
Келишимге кол кою күнү да жөн күнгө туш келген жок. Кыргыз билим берүүсүнө эбегейсиз зор салым кошкон раматылык Жанкороз Каниметовдун туулган күнүнө туш келди. Бул күнү И. Арабаев атындагы окуу жайда жана А. Малдыбаев атындагы Опера Балет театрында Жанкороз Каниметовдун 70 жаш туулган күнүнө арналган эскерүү кечеси уюштурулду. Ага белгилүү илимпоз окумуштуулар, коомдук ишмерлер, мамлекеттик жетекчилер катышышты. Жанкороз Каниметов көзү тирүү болгондо быйыл туура 70 жашка толмок. Ал былтыр пандемиянын убагында мезгилсиз дүйнө салган.
 


Фото сюжет

НОВОСТИ