И. Арабаев атындагы КМУда мугалимдер жана кызматкерлер арасында спорттук мелдеш уланып жатат. Бүгүн, 15- апрель күнү мырзалар арасында шахмат жана теннис боюнча мелдеш өттү.
 
Оюндун эки түрү тең абдан кызыктуу болду.
Теннистен биринчи орунду Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультенинин окутуучулары Дастан Алдаяров менен Камбар Исмаилов багындырса, экинчи орунду Дене тарбия бөлүмүнүн мугалимдери, үчүнчүнү болсо Педагогикалык колледждин директору Толоев Максат баштаган оюнчулар жеңип алышты.
 
Эске сала кетсек, спорттук оюндар университетте 22- апрелге чейин уланмакчы. Алдыда тогуз коргоол, футбол жана бильярд боюнча мелдештер бар.


Фото сюжет

НОВОСТИ