Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Жаштар саясаты жана спорт боюнча проректору Жайна Садыкбекова жана дене тарбия бөлүмүнүн башчысы Азамат Жарматовдун демилгеси менен окуу жайдын окутуучу агайларынын ортосунда бильярд боюнча мелдеш өттү. Ал борбор калаадагы "Манас" бильярд клубунда уюштурулуп, анда жыйырмадан ашык оюнчу күч сынашты. Мелдештин ачылышына КМУнун Окуу иштери боюнча проректору Жеңиш Бексултанов баштаган ректораттын мүчөлөрү, факультет декандары жана окутуучулар жамааты катышышты.
Мелдешти өткөрүүдөгү негизги максат жамаат ичинде ынтымакты чыңдап, окутуучулардын көңүлдүү эс алуусун уюштуруу, майрамдык маанай тартуулоо болуп эсептелет.


Фото сюжет

НОВОСТИ