30- апрелде И. Арабаев атындагы КМУнун Физика-математикалык билим берүү жана маалыматтык технологиялар факультетинин деканатынын кызматкерлери жана мугалимдери университетте өтүп жаткан "Бир адамдан бир көчөт" иш- чарасынын алкагында окуу жайдын башкы корпусундагы аянтчага роза гүлүнүн тамырларын отургузушту.

Иш-чарага КМУнун Окуу иштери боюнча проректору Жеңиш Бексултанов жана Физика-математикалык билим берүү жана маалыматтык технологиялар факультетинин деканы Курманбек уулу Талантбек катышты.

Эске салсак, ректораттын демилгеси менен окуу жайда "Бир адамдан бир көчөт" акциясы уюштурулду. Анын алкагында окуу жайда эмгектенген окутуучулар, кызматкерлер университеттин ичине жана айланасына бак жана гүлдүн түрлөрүн отургузуп, саамалык уланууда.


Фото сюжет

НОВОСТИ