Балдар коргоо күнү - бул эл аралык майрамдардын бири, бул майрамды дүйнө жүзү дээрлик 70 жылдан бери майрамдап келе жатат.   Урматтуу ата-энелер! Биздин илгери үмүтүз, өлкөбүздүн келечеги – бул биздин балдарыбыз. Балдарыбыз жашообуздун маңызы жана сүймөнчүгүбүз. Жашоонун жазылбаган мыйзамы, баарыбыз бала деп гана  жашайбыз! 

Андыктан, бактылуу үй-бүлөдө чоңойгон бала гана бактылуу боло алат. Балдарыбыздын көңүлү куунак, ден соолугу чың, илим-билимдүү жана жан дүйнөсү бай адам болушу үчүн бардык мүмкүнчүлүгүбүздү жумшайлы. Майрамыңыздар кут болсун!

И. Арабаев атындагы КМУнун ректораты: 

НОВОСТИ