Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин демилгеси менен  Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында ЖОЖдор аралык спорттук иш- чаралар башталды. 

Мелдеш 22- июндан 27- июлга чейин болмокчу. Оюнга катышуу үчүн И. Арабаев атындагы КМУдан мугалимдерден жана кызматкерлерден турган атайын команда 21- июнь күнү Чолпон-Ата-шаарына жөнөп кетишти.

Мелдеш 40 жашка чейинкилер арасында өтүп, оюнчулар волейбол, тогуз коргоол, футбол, стритбол жана шахматтан күч сынашаары белгилүү болду. Окуу жайыбыздын намысын коргоп, мелдешке катышып жаткан кызматкерлер менен 21- июнь күнү университеттин ректору, профессор Төлөбек Абдырахманов жолугуп, командага ийгилик каалады. Жолугуу иш чарасына ректор менен бирге Окуу иштери боюнча проректор Жеңиш Бексултанов, Админстративдик чарча иштери боюнча проректор Амангелди Сыйырбеков да катышты. 

Командабызга ийгилик каалайбыз, жеңиш менен келишин тилейбиз!

 

 


Фото сюжет

НОВОСТИ