И. Арабаев атындагы КМУда эмгектенген окутуучулар жана кызматкерлер 24- июндан 27- июнга чейин көгүлтүр көл жээгине өтүп жаткан спорттук жана маданий иш чаралар менен коштолгон "ЫСЫК-КӨЛ КЕЧТЕРИ-2021" жайкы фестивалына катышып жатышат. Аталган иш чара Кыргыз Республикасынын Президентти Садыр Жапаровдун "Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгынын негизинде уюштурулганын эсиңиздерге сала кетели.Жогорку окуу жайлар арасында уюштурулган аталган жайкы фестивалга И. Арабаев атындагы КМУ, Ош Мамлекеттик университети, Ж.Баласагын атындагы КУУ жана И.Раззаков атындагы КМТУ катышууда.Фестиваль Ж. Баласагын атындагы КУУнун Бостери айылында жайгашкан "пансионатында" өтүп жатат.Ж.Баласагын атындагы КУУ уюштуруу иштеринин башында турганын да белгилей кетүү керек.Фестивальга катышып жаткан окуу жайыбыздын окутуучулары менен кызматкерлери университеттин ректоратына, өзгөчө уюштуруу иштерин колго алган КМУнун Жаштар саясаты, дене тарбия жана спорт боюнча проректору Жайна Садыкбек кызына, каржылык маселелерди жөнгө салган КМУнун Административдик чарба иштери боюнча проректору Амангелди Сыйырбековго ыраазы экендигин жашырышкан жок!
 


Фото сюжет

НОВОСТИ