Бүгүн, 29-июнда И. Арабаев атындагы КМУнун ректору Төлөбек Абдырахманов 22- 27- июнь күндөрү Чолпон-Ата шаарында өткөн спорттук мелдеш, тактап айтканда чемпионатка барып катышып келген КМУнун окутуучулары менен жолугушту. Жолугушууга университеттин Административдик чарба иштери боюнча проректору Амангелди Сыйырбеков менен Жаштар саясаты жана спорт боюнча проректор Жайна Садыбек кызы да катышты. Жакшы оюн көрсөтүп, ийгилик менен келген КМУнун командасына ректор Төлөбек Абдырахманов ыраазычылык билдирип, жылуу сөзүн айтты.
Эске салсак, аталган спорттук мелдешти Кыргыз Республикасынын Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги уюштурган. Ага Кыргызстандагы ЖОЖдордун командалары катышып, күч сынашышты.


Фото сюжет

НОВОСТИ