Жакшы жаңылык, И. Арабаев атындагы КМУдан үч окумуштуунун илимдеги даражасы жогорулады. Тактап айтканда, белгилүү окумуштуу, Филология илимдеринин доктору, профессор Сыртбай Мусаев Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Академиги наамына ээ болсо,  Тарых илимдеринин доктору, профессор, И. Арабаев атындагы КМУнун ректору Төлөбек Абдырахманов менен  Химия илимдеринин доктору, профессор Сатывалдиев Абдураим Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти болушту.

Эске сала кетсек, жакында эле Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында Академиктерди жана мүчө- корреспонденттерди шайлоо болуп өттү. Шайлоо калыс жана акыйкат өткөнүн Улуттук илимдер академиясынан маалымдашты. Илимдеги ийгилиги жогорулаган агайларыбызга бекем ден соолук жана мындан аркы иштерине албан ийгиликтерди каалайбыз! Биз сиздер менен сыймыктанабыз! 


Фото сюжет

НОВОСТИ