Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата бир катар кыргызстандыктар кесиптик ишмердүүлүгүндөгү зор жетишкендиктери үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйланды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

И. Арабаев атындагы КМУдан төрт киши жогорку мамлекеттик сыйлыкка ээ болушту. Тактап айтканда, И. Арабаев атындагы КМУнун ректору, тарых илимдеринин доктору, профессор Абдырахманов Төлөбек Абылович  «Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер» ардак наамын алса, И. Арабаев атындагы КМУнун Көркөм маданият жана  билим берүү факультетинин ардактуу профессору, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артистти Эсенбек Мааданбеков Кыргыз Эл артистти наамын алды. Ошондой эле  И.Арабаев атындагы КМУнун Мамлекеттик тил жана маданият институтунун кыргыз тили кафедрасынын доценти; Абдуллаева Райхан, И.Арабаев атындагы КМУнун  педагогика факультетинин башталгыч класстарда кыргыз жана орус тилдерин окутуунун технологиясы кафедрасынын профессорунун милдетин аткаруучу; Мусаева Венера Инятовна Кыргыз Республикасынын Ардак граматасы менен сыйланышты.  Жогорку даражадагы наам, сыйлыктар менен сыйланган агай, эжелерибизди ийгилиги менен чын жүрөктөн куттуктайбыз. 

Бекем ден соолук, иштерине албан ийгиликтерди каалайбыз! 


Фото сюжет

НОВОСТИ