4- августан 12- августка чейин Ысык-Көл облусунун Чопон-Ата шаарында өтүп жаткан Эл аралык спорттук мелдешке И. Арабаев атындагы КМУнун студент улан- кыздарынан куралган "Билим" командасы да катышмакчы. Окуу жайдын ректору Төлөбек Абдырахманов 2- август күнү спорттук мелдешке аттанган студенттер жана алардын машыктыруучу агайлары, тактап айтканда КМУнун Дене тарбия бөлүмүнүн мугалимдери менен жолугуп, аларга ийгилик каалады. 

Эске салсак, волейбол оюнун мыкты ойногон  КМУнун "Билим" командасы буга чейин республикалык деңгээлдеги мелдештерге катышып жеңүүчү орундарга ээ болгон. Спортту сүйгөн студенттерибизге бекем ден соолук жана ийгиликтерди каалайбыз!  


Фото сюжет

НОВОСТИ