Бүгүн, 10- сентябрда КРнын Улуттук илимдер академиясынын жыйын залында академик жана корреспондент мүчө наамына татыктуу болгон окумуштууларга дипломдор тапшырылды.
Эске салсак, И. Арабаев атындагы КМУнун ректору Абдырахманов Төлөбек Абылович Улуттук илимдер академиясынын корреспондент мүчөсү болуп шайланган. Ошондой эле буга чейин КМУнун Манас таануу жана лингвистика институтунун директору болуп эмгектенген, КМУнун окумуштуулар кеңешинин мүчөсү Мусаев Сыртбай Жолдошевичке КРнын Улуттук илимдер академиясынын академиги наамы ыйгарылды.
Жыйынга илимий даражасы жогорулап, наамга ээ болгон окумуштуулар катышышты.
Дипломдорду ээлерине Улуттук илимдер академиясынын президенти Жуматаев Мурат Садырбекович тапшырды.


Фото сюжет

НОВОСТИ