Бүгүн, 15- сентябрда И. Арабаев атындагы КМУда офлайн режиминдеги салттуу окуу кадимки тартибинде башталды. Студенттерди окуу жайдын жетекчилиги салтанаттуу шаң менен тосуп алды.

Иш- чарага университеттин ректору Төлөбек Абдырахманов, проректорлор, Эгемберди Маанаев, Айчүрөк Калдыбаева сыяктуу университеттин ардактуу профессорлору, институт директорлору, факультет декандары, мугалимдер жана студенттер катышышты.

Ректор Төлөбек Абдырахманов окуу жайдын босогосун жаңы аттаган 1- курстун студенттерин студент болушу менен куттуктап, окууларына албан ийгиликтерди каалады. Эске салсак, И. Арабаев атындагы КМУ студенттерге офлайн билим берүүгө толук даяр. Коронависрус каршы эрежелер сакталып, шарттар толук каралган.


Фото сюжет

НОВОСТИ