2021-жылдын 18- сентябрында И. Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Төлөбек Абдырахманов Германиянын Эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ), тактап айтканда, “Жашыл экономика жана жеке секторду туруктуу өнүктүрүү” долбоорунун өкүлдөрүн кабыл алды. Аталган коомдук уюмдун өкүлдөрү университеттин География жана туризм факультети менен тыгыз иштешүүгө кызыктар экендигин билдиришти. Ректор Төлөбек Абдырахманов аталган фонд менен окуу жай иштешүүгө даяр экенин айтты. Жолугушууга университеттин Окуу иштери боюнча проректору Жеңиш Бексултанов да катышты.

Эске салсак, аталган германиялык коомдук уюм Кыргызтанда өз ишин жүргүзүп келе жатканына бир топ убакыт болуп калды. Ал аралыкта  экология, жашыл экономика жана жеке секторду туруктуу өнүктүрүү   жаатында  бир топ жакшы иштерди жасоого жетишкенин белгилей кетүү зарыл. 

 



Фото сюжет

НОВОСТИ