Бүгүн, 23-сентябрь — «Мамлекеттик тил» мыйзамы кабыл алынган күн. Анын быйыл 32 жылдыгы белгиленип жатат. Бүгүн өлкөбүздө эне тилге арналган бир катар иш-чаралар өтүүдө. Биз, жалпыбыз эмгектенип жаткан И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде дагы эки күндөн бери студенттер даярдаган  "Кыз-жигит-Сармерден" концерттик программасы уюштурулуп, жаштарыбыз эне тилге болгон сүйүүсүн, урматын көрсөтүшүүдө. 

Урматтуу кесиптештер! 

Сиздерди И. Арабаев атындагы КМУнун  ректоратынын атынан 23-сентябрь мамлекеттик тил күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматов айткандай, «Элибиздин өзөгү – эне тилибизде». Кыргыз тили – байыркы жана бай тил. Заманды, он сегиз миң ааламды, жакшы менен жаманды, жаратылышты, аккан сууну, дүйнөнү түгөл айткан төкмөлүк өнөрдү, улуу эпосубуз, баа жеткис руханий байлыгыбыз Манас эпосу баштаган дастандарыбызды, таамай айтылган макалдарды, учкул сөздөрдү жараткан эне тилибизди кастарлап, кадырына жете билишибиз зарыл. Белгилүү Алман филологу Якоб Гримм: “Биздин тилибиз- бул биздин тарыхыбыз да”, - деп жазгандай биздин улуттук тилибиз биздин тарыхыбыз. Эне тилин жоготкон эл улутун, мамлекетин жоготот. Андыктан эне тилибизди бек сактоо жана өнүктүрүү ар бир кыргызстандык атуулдун ыйык милдети.

Улуу тилибиздин учугу узарып, түбөлүгү түз болоруна терең ишеничтебиз.Тилибиз кылымдарга жашасын! Мамлекеттик тил күнүбүз кут болсун!

И. Арабаев атындагы КМУнун Мамлекеттик тил жана коммуникация боюнча проректору Эсенкулов Нурмамат Жокенович! 

 

 

 

 


Фото сюжет

НОВОСТИ