22-сентябрда И. Арабаев атындагы КМУнун жыйын залында кыргыз элинин көөнөргүс салттарынын бири болгон “Кыз-жигит-Сармерден" айтышы болуп өттү. Аталган иш- чараны 23- сентябрь мамлекеттик тил күнүнө карата университеттин Физика-математикалык билим берүү жана маалыматтык технологиялар факультети уюштурду.

Майрамдык кечеде студенттер жандуу үн менен ырдап- бийлешип, улуттук аспаптарда ойношуп, айтор сахнаны көрккө бөлөп, көрүүчүлөрдүн черин жазышты.  

Кечени ачып берүү үчүн конок катыры чакырылган И. Арабаев атындагы КМУнун Окуу иштери боюнча проректору Жеңиш Бексултанов  "Сармердендин"  уюштуруучуларына жана ага катышкан студенттерге ыраазчылыгын билдирди. КМУнун ФМББжана МТ факультетинин деканынын м.а., проф.м.а., Курманбек уулу Талантбек да катышуучуларга жана калыстар тобуна ыраазычылыгын айтты. 

Студенттердин талантына көз салып, Кечеде аталган факультеттин студенттери менен Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин улан- кыздары таймашышты. Тилдери так, талантуу студенттер жандуу  алардын аракетин баалаган калыстар тобу,  аттарын атап айтканда Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин доценти Мээрим Бейшеналиева, И.Арабаев атындагы КМУнун мамлекеттик тил боюнча башкы адиси Абдил Шерматов, ФМББжана МТ факультетинин доц.м.а., Гүлмира Султанбаева "Сармерден" жакшы уюшулганын жана жогорку деңгээлде өткөнүн билдиришип, студенттердин талантын жогору баалашты.


Фото сюжет

НОВОСТИ