ХХ кылымдагы залкар илимпоз-агартуучу, коомдук ишмер, алгачкы журналисттердин бири Ишеналы Арабаев тууралуу даректүү тасма И. Арабаев атындагы КМУнун жетекчилигине көрсөтүлдү.

Аны көрүү үчүн окуу жайдын илимий китепкансынын жыйын залына ректор Төлөбек Абдырахманов баштаган окуу жайдын жетекчилиги чогулду. Тактап айтканда, ректор Төлөбек Абдырахманов, Чарба жана административдик иштер боюнча проректор Амангелди Сыйырбеков, Мамлекеттик тил жана коммуникация боюнча проректор Нурмамат Эсенкулов, Жаштар саясаты жана спорт боюнча проректор Жайна Садыкбекова, тарыхчы Жумагул Байдилдеев ж.б.

Жыйынтыгында тартылган тасма боюнча университеттин жетекчилиги тарабынан бир аз сын-пикир айтылды. Айтылган сын- пикирди тасманын режиссёру Бекболот Айдаралиев туура кабыл алды жана тасмадагы айрым кемчиликтерди оңдой турганын айтты.

Эске салсак, аталган тасма "Кыргызфильм" киностудиясы тарабынан тартылды.

Тасмага белгилүү режиссёр Бекболот Айдаралиев режиссёрлук кылды.

Тасманы тартууга Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети колдоо көрсөттү.

Тасмадан үзүндү


Фото сюжет

НОВОСТИ