Ошондой эле И. Арабаев атындагы КМУнун ректору Абдырахманов Төлөбек Абылович менен университеттин аспирантура бөлүмүнүн башчысы Ибрагимова Турсунай Галбаевнага Жогорку Кеңештин энчилүү сааты менен сыйланышты. Сыйлыкты Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов тапшырды.

Эске сала кетсек, 6-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Талант Мамытов Жогорку жана орто окуу жайынын мугалимдери менен жолугушту. Алгач төрага агартуучуларды 5-октябрь билим берүү кызматкерлердин күнү менен куттуктады.

" Келечек муундун өкүлдөрүн ажайып илим дүйнөсүнө жетелеп, алардын жеткиликтүү билим, татыктуу тарбия алуусуна камкордук көрүү мугалимдердин асыл милдети. Анткени, «Мыкты билим – улуу күч!» дегендей, билимдүү жаштар – элибиздин эң башкы байлыгы. Кыргызстандын бакубат келечеги да жаштарга таандык. Андыктан, биздин өлкөдө билим берүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Азыркы ааламдашуу доорунда адамзат болочогун илим менен билимсиз элестетүү эч мүмкүн эмес.", - деди төрага.

Ошондой эле төрага агартуучулардын көп жылдык үзүрлүү эмгегин жана билим берүү тармагына кошкон салымын баалап, жогорку жана орто окуу жайынын бир катар мугалимдерине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ыраазычылык баракчасы менен Ардак грамоталарын тапшырды.

 

 
 
 
 
 


Фото сюжет

НОВОСТИ