2021- жылдын 11-октябрында И.Арабаев атындагы КМУда 1- курстун студенттери арасында футбол, волейбол, теннис, шахмат жана тогуз коргоол боюнча спорттук мелдеш башталды. Аталган спорттук мелдеш университетте салтка айланган. Тактап айтканда жыл сайын күздүн экинчи айында 1- курска жаңы тапшырган студенттер арасында өткөрүлүп келет. Жылдагыдай эле бул жылы дагы мелдеш 1 айдан ашык убакытка созулуп, 29-ноябрь күнү оюндардын жабылышы болмокчу.Спорттук оюндардын ачылышына КМУнун Жаштар саясаты жана спорт боюнча проректору Жайна Садыкбек кызы барып катышты. Проректор өз сөзүндө оюнга катышкан командаларга ийгилик каалады. Салтанаттуу ачылыш аземге ошондой эле институт директорлору, факультет декандары катышышты. Бул ирет алдыңкы орунду багындырган жеңүүчүлөрдүн байгеси жылдагыдан жогору болоору маалым болду. Эске салсак, ректордун буйругу менен былтыр университетте спорт жаатына өзгөчө көңүл бурулуп, мугалимдерге, студенттерге баарына жаңы формалар тиктирилген. Коюлган байге фондунун каражаты да көбөйтүлгөн.


Фото сюжет

НОВОСТИ