12- октябрь күнү И. Арабаев  атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректораты, окуу бөлүмү, кадрлар бөлүмү, институт директорлору, декандар катышкан апталык  отуруму өттү. Отурумдун катышуучулары жуманын ичинде жүргүзгөн иштери боюнча маалымат беришип, айрым суроо жараткан жагдайлар талкууга алынды.

Окуу жайдын жетекчилиги айрым институт директорлорунун, декандардын ишин сынга алды. Конкреттүү тапшырмаларды берип, чукул арада ошол тапшырмалардын аткарылышына өзү көзөмөл жүргүзөөрүн эскертти.  

Кышка даярдык, корпустардын жылуулугу ж.б. маселелер боюнча да тиешелүү бөлүмдөргө тапшырмалар берилди.


Фото сюжет

НОВОСТИ