И. Арабаев атындагы КМУнун Тарых жана социалдык укуктук билим берүү факультетинде "студенттер чылым чегүүгө каршы" деген аталыштагы семинардык сакбак болуп өттү. 

Сабакты студенттер менен биргеликте, аталган факультеттин окутуучусу Нурпайыз Баястанов уюштурган. Семинардык сабакка студенттерден тышкары факультеттин окутуучулары, аспиранттар катышышты. Эске салсак, жаштарды жаман адаттардан алыс жүрүүгө үндөгөн иш- чаралар И. Арабаев атындагы КМУда ар дайым уюштурулуп келет. 

Интернеттеги маалыматка таянсак, жер жүзүндө ар бир он секунд сайын тамеки тарткан бир киши өпкө рагынан каза табат. Кыргызстанда 2006-жылдан бери чылым чеккендердин саны 56 пайызга өскөн. Ал эми тамекиге азгырылган кыз-келиндердин саны акыркы он жылда 25-30 эсеге көбөйгөн. 


Фото сюжет

НОВОСТИ