И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети окуу жайдын студенттеринин арасында “Илим деген эмне?”, “Азыркы дүйнөдөгү жана адамзаттын жашоосундагы илимдин орду”, “Кыргыз Республикасындагы илим” деген темада эсселердин конкурсун жарыялаган.

Жыйынтыгында университеттин 11 студентинин эмгеги эң мыкты деп табылып, жеңүүчү студенттер сертификат, белектер менен сыйланышты.

Алардын ичинен 4 студент – Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинин “Эл аралык мамилелер” адистигинин студенттери:

1. Ильяс кызы Мариям - 4-курс

2. Ошурбакиева  Гульсанам - 3 -курс

3. Мусабаева Жылдыз Турарбековна - 3- курс.

4. Исмаилов Султан Дамирович - 3-курс

Жеңүүчү студенттерди дайындаган факультеттин Аймак жана маданият таануу кафедрасынын окутуучуларына терең ыраазычылык билдиребиз!..

 


Фото сюжет

НОВОСТИ