Бүгүн, 30- ноябрда И. Арабаев атындагы КМУнун чоң жыйын залында 1-декабрь СПИДке каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө карата студенттер менен университеттин  медициналык бөлүмүндө эмгектенген медицина кызматкерлеринин жолугушуусу уюштурулду. Иш -чара окуу жайдын чоң жыйын залында болуп өттү. Анда медицина кызматкерлери студенттерге СПИДдин зыяндуулугу тууралуу кеңири маалымат беришти. Тактап айтканда, СПИД алгач адамга жукканда адам кандай абалда болоорун, андан сактануунун жолдору кандай экендигин түшүндүрүштү. Студенттер медицина кызматкерлеринин сөзүн кунт коюу менен угушуп, өздөрүнүн кызыккан суроолорун берип, жооп алышты. 

Эске салсак, И. Арабаев атындагы КМУда СПИДден сактануунун эрежелери студенттерге дайыма түшүндүрүлүп келет. Окуу жайдын медициналык бөлүмүнүн кызматкерлери бул багытта жигердүү иш алып барышат.  Маалыматтарга таянсак, СПИД илдети Кыргызстанда күч алуунун үстүндө экенин адисттер билдиришет. 

 


Фото сюжет

НОВОСТИ