Мамлекеттик университетте факультеттер аралык өтүп жаткан Спартакиада кызуу уланууда. Спартакиада футбол, баскетбол, волейбол, теннис, шахмат, футбол оюндары боюнча өтүүдө.

Кечээ, 27-октябрда волейбол оюну боюнча кыздар арасында финалдык мелдеш болуп өттү. Жыйынтыгында волейбол оюну боюнча I орунду Лингвистика факультети, II орунду Педагогика факультети, III орунду Мамлекеттик тил жана маданият институтунун командалары ээлешти.

Жеңүүчүлөрдү жеңиши менен КМУнун жалпы кызматкерлеринин жана студенттеринин атынан чын-жүрөктөн куттуктайбыз.    

НОВОСТИ