2018-жылдын март айынын алгачкы күндөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт агенттигинин Мектеп жана студенттик спортту өнүктүрүү боюнча дирекциясынын Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайлар арасында 2018-жылдын Универсиадасы болуп өттү.

Аталган Универсиадага Кыргыз мамлекеттик университеттин студенттери катышып, II лиганын баскетбол боюнча мелдешинде III орунду камсыздашты.

Бул боюнча Дене-тарбия факультетинин башчысы Адис Самыйканов билдирип, студенттер аталган мелдешке көп убакыттан бери даярданып келишкенин айтып өттү.

Ийгилик жараткан спортчуларыбызга ден-соолук жана тынымсыз эмгек каалайбыз.


Фото сюжет

НОВОСТИ