III Бүткүл Дүйнөлүк Көчмөндөр оюнунда спорттук мелдештерде университеттин студенттери Нурбек Кожобеков, Бектур Саткын уулу жана Азамат Асакеев кыргыз күрөш жана самбо боюнча байгелүү орундарды камсыздап келишти.

Бүгүн окуу жайдын жетекчилиги жеңүүчүлөрдү кабыл алып, мындан ары да элдин намысын бийик тутуп, ийгиликтерди жарата берүүсүнө тилектештигин билдирди.

Машыктыруучу Илич Дыйкановдун айтуусуна караганда, спортчулар оюнга катышууга көп убакыттан бери даярдык көрүп келишкен. Акыры жыйынтыгы кубантаарлык болуп, байгелүү орундарды камсыздашты. Ошондой эле алдыда боло турган мелдештерге да кызуу даярдык көрүп жаткандыктарын айтып өттү.

Кабыл алуунун соңунда спортчуларыбыз ректор Т.Абдырахманов менен бирге эстеликке сүрөткө түшүштү.

    


Фото сюжет

НОВОСТИ