16-ноябрда КМУнун студенттери арасында "Ден-соолук - 2018" Спартакиадасынын жабылыш аземи университеттин чоң жыйындар залында жыйынтыкталды.

Аземге университеттин ректору Т.Абдырахманов жана түзүм башчылары Айгүл Осмонова, Чынарбек Дүйшѳналиев, Нуржан Акматов ж.б. катышты.
Ректор Т.Абдырахманов иш-чараны ачып, спорт тармагында ийгилик жараткан студенттерибизге ыраазычылык билдирип, ден-соолуктун булагы спорт экендигин айтып ѳттү.

Ошондой эле кафедра башчысы Нуржан Акматов сѳз сүйлѳп, мелдештин активдүү катышуучуларын жана жеңүүчүлѳрүн белгиледи.

Жеңүүчү студенттерибизге ректордун атынан ыраазычылык кат жана Ардак грамоталар тапшырылды.


Фото сюжет

НОВОСТИ