И.Арабаев атындагы КМУнун ректору Т.А.Абдырахманов Жаштар иштери боюнча комитеттин башчысы Жайна Садыкбекованы жана президенттик стипендияга ээ болгон студенттерди кабыл алды.

Кабыл алуу учурунда ректор Т.Абдырахманов окууда, коомдук жана маданий иштерде ѳзүнүн жигердүүлүгүн кѳрсѳтүп, президенттик стипендияга ээ болгон алдыңкы студенттерге ыраазычылык сѳзүн айтты.

Мамлекеттик тил жана маданият институтунун студенти Бектурсун Абдылдаев университеттин жетекчилигине жана окутуучуларга ыраазычылык сѳзүн билдирип, ректор Т.Абдырахмановго китеп белекке берди.

Соңунда стипендиаттар ректор Т.Абдырахманов менен бирге сүрѳткѳ түшүштү.

Президенттик стипендиаттар:

Улан Жумабек уулу – Э. Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү факультетинин 4-курсунун студенти
Асел Жаныбаева – Лингвистика институтунун 4-курсунун студенти
Чолпонай Кубатбекова – Мамлекеттик тил жана маданият институтунун 4-курсунун студенти
Бектурсун Абдылдаев – Мамлекеттик тил жана маданият институтунун 4-курсунун студенти


Фото сюжет

НОВОСТИ