29-мартта Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетине академиялык мобилдүүлүк боюнча Москвадан жана ОшМУдан келген аймак таануу багытынын студенттерине  Ч.Айтматовдун үй музейине экскурсия уюштурулду. И.Арабаев университетинде жүргөн мезгилинен бери москвалык студенттердин Кыргызстанга, кыргыз тилине, маданиятына кызыгуусунун мурдагыдан да артканын  билдиришүүдө. Алардын арасынан буга чейин Соловьев Иван “Манас эпосу”, Карпова Анна “Ч.Айтматовдун чыгармачылыгы”  боюнча илимий доклад менен Крымда болгон студенттик конференцияга катышкан. Дүйнөгө белгилүү жазуучу Ч.Айтматовдун  үй музейи конок студенттерге абдан катуу таасир калтырып, жазуучунун колу тийген китептер, ал жашаган үй, анын колдонгон буюмдары  алар үчүн өзгөчө мааниге ээ экендигин билдиришти.

Музейге  алдын-ала байланышуу боюнча КТРКнын Ала-Тоо 24 программасынын журналисттери келишип,  академиялык мобилдүүлүк боюнча окуп жаткан студенттерден интервью алышты. Анда студенттер академиялык мобилдүүлүк алардын тилдин тажрыйбасына абдан чоң жардам болуп жаткандыгын айтып, бүгүнкү уюштурулган экскурсияга ыраазычылык билдиришти. Эскерте кетүүчү нерсе, москвалык студенттер экинчи тил катары кыргыз тилин окуп келишкен.

НОВОСТИ