17-апрелден 22-апрелге чейин Бишкек шаарында болуп өткөн КРнын эркектер клубдук командалар арасында волейбол оюну боюнча XI чемпионаты болуп өттү. Ага республиканын бардык аймактарынан клубдук командалар катышты.

И.Арабаев атындагы КМУнун алдындагы «Билим» клубдук командасы да катышып, татыктуу оюн көрсөтө алды. Жыйынтыгында калыстардын чечиминин негизинде алдыңкы деп табылган 4 команданын катарына кирди. Татыктуу оюн көрсөткөндүгү үчүн «Билим» командасынын мүчөлөрүнө ректордун атынан терең ыраазычылык билдиребиз.


Фото сюжет

НОВОСТИ