И.Арабаев атындагы КМУда Теология багытында 4 окуу жайдын ортосунда жыл сайын өтүүчү мелдеш болуп, 27-апрель күнү жыйынтыгы чыгарылды.

Футбол оюнунан И.Арабаев атындагы КМУнун Теология бөлүмү 1-орунду, 2-орунду КТУнун «Манас», ал эми 3-орунду ОшМУнун теологдору ээлешти.

Волейбол боюнча ОшМУнун Теология факультети 1-орун, 2-орун «Арашан» Дин таануу факультети, 3-орун И. Арабаев атындагы КМУнун Теология бөлүмүнө берилди.

Мелдештердин негизги максаты өз ара ынтымакты бекемдөө, сергек жашоого үндөө болуп саналат.

1-орунду камсыз кылган Теология бөлүмүнүн оюнчуларына жана аларды оюнга даярдаган машыктыруучуларга терең ыраазычылык.


Фото сюжет

НОВОСТИ